КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Башка сая бак бол деп,
Кара жүрбөй, ак бол деп,
Калк ичинде шумдук кеп,
Ушу кепке сак бол деп,
Көрө албай жүргөн көөсөр бар,
Баталбай жүргөн байкуш бар,
Өтө албай жүргөн өксүк бар,
Жете албай жүргөн жезит бар.
Ак ишке жүргүн сак болуп,
Айрыларсың бир күнү
Алмамбеттен сап болуп.
Акеркеч айтты акыл кеп,
Анда Көкчө токтолду
Айтканың сенин макул деп.
Казактан болгон ата уулу
Алтымыш экен баарысы,
Арман менен жүрүшкөн
Айылына жетпей арышы.
Азган бир кытай жетти деп,
Айдаркандын Көкчөсү
Арбагы ашып кетти деп,
Айтканды укпай баратыр
Аңдабай биздин кепти деп,
Тозгон бир кытай жетти деп,
Тозоку кытай келгени
Чоңоюп Көкчө кетти деп,
Тоотпойт биздин кепти деп
Ойлоп келет ичине
Бузукчулук алаңды,
Келгени болсо Көкчөгө
Мурун айтат саламды:
Акеркеч жеңем үйдөбү?
Акеркечтин кашында
Алмамбет баатыр жүрөбү?
Какшык айтып бектери
Айдаркандын Көкчөгө
Катуу тийип кептери,
Айта берип көпчүлүк,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Айланып көңүл кеткени:
Айлымды алыс көрбөйүн,
Алганым деп ынанып,
Акеркеч айткан тилине
Абыдан анык көнбөйүн,
Азып келген бир кулдан
Арманда болуп өлбөйүн.
Ага-инимди чогултуп,
Аңгарып сөзүн көрөйүн,
Арамдыгы бар болсо
Ал ант урган кулду көмөйүн,
Казактан чыккан ата уулун
Алды Көкчө чакырып,
Аяк-башын жыйдырып,
Буудайбектин ак отоо
Мунун баарын сыйдырып.

