Масы тарап болгон соң
Акеркеч айтар кабар деп,
Артымдан келген кишилер
Нак ушу жерден табар деп
Шашкелик жерге бурулуп,
Жаңгактуу черге урунуп,
Атын тушап откоруп
Алмамбет жатты токтолуп.
Арактын масы тараар деп,
Агам Көкчө караар деп,
Эсине эртең алар деп,
Эркечтен укса дайынын
Энтелеп келип калар деп
Көзүн салып артына,
Көкчөнүн кыйбас дартынан,
Шашкелик жолго шалкайып,
Ана келет деп жатып
Адырдан ышкын жеп жатып,
Мына келет деп жатып,
Балтыркан ышкын жеп жатып,
Арадан үч күн өтүптүр
Баатыр Алмаң нетиптир?
Элимден небак аздым деп,
Эр Көкчөнүн элине
Не бейлимден жаздым деи,
Көкчө кыйбайт деп жүрүп
Бир күндүк жолду үч күнү
Бекер ачка бастым деп.
Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм,
Көкчө кыйбайт деп жүрдүм,
Артымды карап көп жүрдүм,
Көк ышкын терип жеп жүрдүм,
Артымды карап көп жүрдүм,
Айдарканды сактадым,
Айлынын тузун актадым,
Айдаркан, Көкчө деп жүрүп
Апысын * эч бир таппадым.
Эр эшиги сом темир,
Эритмекке эр керек,
Эр Көкчө деп сагалап
Эми туруш не керек?
Батарыма жерим жок,
Барарыма элим жок,
Алда таала ыйлаймын,
Андан бөлөк кебим жок.
Бул сөздү айтып муңканып,
Буластаган Алмамбет
Буурканып сурданып,
Алмамбет жүрсүн жол менен,
Албан түрлүү ой менен.
Аны таштап салыңар,
Арстан Манас баатырдын
Алда эмне сөзү бар,
Кабарын угуп алыңар.