КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Мени камап олтурбай
Мындай, бери ургур жолго салбайбы!
Көкчө сүйлөп калганы,
Айтканыңдан жанба деп,
Убадаңды танба деп,
Айтканың жакшы болду деп,
Алып кел Көкчө колду деп
Алмамбет баатыр кол сунду,
Кол берип Көкчө озунду.
Алмамбет турган ордунан,
Төшөктө Көкчө олтурду.
Кармап колун Көкчөнүн
Кан Алмамбет силкиптир.
Калбаны катуу баштады,
Силккенинде оң колу
Үзүлүп кете жаздады,
Көк сүлөөсүн кундуз бөрк
Учуп түштү баштагы.
Арак аскан отуна
Анча-мынча чалдыкты,
Ага Көкчө ардыкты.
Акылы кетип азыраак,
Арак ичкен масыраак,
Абыдан чындап тарыкты,
Кулду кармап, муузда деп
Көбүнө кылды жарлыкты.
Кайда кетти кара бет,
Кармасын деп кучактап,
Тентиреген бу кулду
Тез өлтүр деп бычактап.
Качпасын чыгып жылыштап,
Канын төк деп кылычтап.
Канжар сал деп кардына,
Каарданды Көкчө баарына.
Байкаган бою дүркүрөп,
Мас болгон нардай күркүрөп,
Алмамбет турду ордунан
Ооздон түтүн буркурап,
Көөрүктөн чыккан жалындай
Көздөн оту шыркырап.
Көөдөнгө урса баш жарган,
Жыгачка урса таш жарган
Сууруп алды кылычын,
Карап тургун көптөгөн
Казактардын кылышын:
Катындардай ыргытып
Капшыттан урду кылычын.
Кашына келген бир жан жок,
Кармай турган тири жан жок.

