Не түрлүү айткан кебиң деп,
Эми бир айтып бергин деп,
Алмамбет антип сурады,
Ата уулунун баарысы
Апкаарышкан убагы.
Ары баатыр, ары мас,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Азыркысын акылы аз,
Алмамбетке ичи кас.
Көкчөнүн кара сүйлөшүн,
Көргөзүп айткан күнөөсүн:
Ачыгып чыккан арбаксың,
Бузулуп калган чарбаксың,
Калаба кылып калкыма,
Кайдан келген калмаксың,
Кыйрыңдан азган кытайсың,
Кыйла сөздү оттойсуң,
Кытайың жок бул жерде,
Кыргызга кайдан токтойсуң?
Каңгайдан келген калмакты
Кайт десеңер болбойбу?
Алда эмне сыры бар,
Арыз-абалы бар болсо
Айт десеңер болбойбу?!
Кытайдан келген кызталак,
Кыйыры казак журтума
Эмине үчүн кысталат?
Кет десеңер болбойбу,
Жергесине калмактын
Жет десеңер болбойбу?!
Көкчө сүйлөп бул сөздү,
Көңүлгө тийген куу сөздү,
Көбүнө көзүн салганы,
Көк жал Алмаң сөзүнө
Ачуусу келип калганы:
Атаңдын көрү ит Көкчө,
Алдың жерге жит, Көкчө!
Адам болбой кет, Көкчө,
Айныган сенден нээт, Көкчө!
Кара жер сорсун нээтиңди,
Карарткан кудай бетиңди!
Ата уулуга бир карап
Анда Көкчө кеп айтат:
Айтпайсыңбы, көйтөрө
Азгырчу кулду соо коюп
Адырайып олтурбай
Баарыңды, капат алсын бу көрө!
Карап баарың олтурдуң,
Кажылдатып калмакты
Карап минтип олтурбай
Кайта гой деп койбойбу?