Токтор менен Чаяны
Токтолбой айтып барганы.
Көргөндөн соң экөөнү,
Алмамбеттин жүрөгү
Алып учуп дегдеди,
Асты тынчтык бербеди,
Атама душман болордо
Нак ушундай бир белги
Көрдүм эле мен деди.
Алмамбет кармап бергин деп,
Аны кармап бербесең
Атышар жерге келгин деп
Кастарын тиккен кан барбы,
Мага, жамандык издээр жан барбы?
Урунарга тоо чыгып
Узак бир жумуш болгон го
Урушарга жоо чыгып.
Айтышарга доо чыгып,
Арбын бир жумуш болгон го
Атышарга жоо чыгып.
Элге кабар салган го?
Эгей-шыгай * көй баатыр
Эр Көкчө жыйып алган го.
Ар иш ойлоп Алмамбет,
Падышалык бөркү бар,
Башы бапик алтын чок,
Казактан кастык болот деп
Кан Алмаңда капар жок.
Желдеттер атын байлады,
Ар тарапка бир карап,
Алмамбет көзү жайнады,
Кытайды келсе кыйрат деп,
Кыйындар айткан мындай кеп,
Калмакты келсе какшат деп,
Катуулап айтып мындай кеп,
Бабырап жатыр, сүйлөшүп.
Калмак менен кытайга,
Казат * кылат экен деп
Кан Алмаң алды оюна,
Өлтүрөт экен мени деп
Өзүнүн жуутпайт боюна.
Акылга албай ар неме,
Аны кайдан ойлонсун
Арамдыкка иши жок
Ачык жолу шар неме.
Эсине албай эчтеме,
Эр Алмамбет кириптир,
Эшиктеги ак таяк *
Эсеттердин Бөкесү
Эшик ачып ийиптир.
Салам айтып бийлерге
Салды башын Алмамбет.