Байбиче билет эрини,
Баатырың билет элини.
Катыны айтып күбөлүк,
Кан Көкчөдөй баатырдын
Калды көөнү түбөлүк.
Андай болсо эл деди,
Алмамбетти чакырып,
Азыр алып кел деди,
Туз арамы кул деди,
Азабын берем мен деди
Азыр муну сойбосом
Алганым калсын тул деди,
Атайбек желдет, тур деди.
Чакырып келгин кытайды,
Чыдап күтүп ким жүрсүн
Чыйырдан чыккан мындайды!
Айдап келгин кытайды,
Алып акыр ким жүрсүн
Арам заада мындайды.
Билбеген экен өлөрүн,
Бир көрөйүн өнөрүн.
Аңдабай жүргөн экен го
Акыретке жөнөрүн!
Күчүк эмес, ээси айтар,
Оозунда айтпай койсо да,
Оюнда ойлоп, нээт айтар.
Күчүкчө сурар эли жок,
Кытайдан келген кызталак,
Күчөшүнүн эби жок.
Тоогу өлгөн киши толгонор,
Тоогум кандай өлдү деп
Токсон эки ойлонор.
Тоокчо жоктур сурары,
Тоголонсо кокустан
Өөдө болуп бу кулдун
Өзүнүн жоктур турары.
Калкымда жүрүп караандап
Катынымды арамдап,
Айлымда жүрүп караандап
Алганымды арамдап.
Жалган го деп ишенбей
Жакшылардын сөзүнө,
Жакынмын деп жүрүпмүн
Жайыл кытай өзүнө,
Жамандыкты мен бүгүн
Көргөзөйүн көзүнө,
Келдесин кесип бу жерде,
Келтирейин эсине,
Өлүмдүн даамын татпайбы,
Өжөрлөнгөн калмак кул
www.bizdin.kg
Өлгөндө шору катпайбы?
Андай, өз күйөрү жок кулдар
Өрт өчкөндөй жатпайбы?
Алмамбет кулду соёюн,
Акеркечке бир далай
Азап салып коёюн.
Калмагын кармап соёюн,
Катынды кантип коёюн?
Атка жайдак мингизип,
Казакка бүткүл билгизип,
Эскисин эске киргизип,
Эл кыдыртып жүргүзүп,
Кааласам катын кылайын,
Каардансам жанын кыяйын.
Калмакты кел деп чакырып,
Канын төгүп коймокко
Казактын баары чыгынып.
Калмак кирсе бул үйгө
Кайратың кетсин ташып деп,
Канжарың сенин жашык деп,
Канжардан курчун алгын деп,
Как жүрөккө малгын деп,
Калдарбек деген балбансың,
Калмак келсе катарга
Капилет баса калгын деп,
Аябай ичкен арагын,
(Арак деген арамдын
Азгырганын карагын,
Аш эсиртсе ар жерде,
Асты болбойт жакшылык
Арак, бозо бар жерде),
Мас болгон соң казактар
Баш кошушуп калышты,
Алмамбетти жутмакка
Баталашып алышты.
Алып кел деп калмакты
Токтор менен Чаянды
Эки желдет чаптырды,
Алмамбетти чакырды.
Чабуулдап Чаян, Токтору,
Чоң кеңеште жоктору,
Алмамбетти чакырды.
Алып кел деди сизди деп,
Бачым алып келгин деп
Ашыктырды бизди деп,
Арбын ичип аракты,
Шашпай ичип шарапты
Элдин баары незирээк,
Эрте жүргүн тезирээк.