КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Каңгырган киши кайтпайбы?
Кайтпай жүрсө өлүмү,
Капилетке батпайбы?
Карайлаган мындай кул
Каттам * болуп жатпайбы?
Көкчө баатыр күүлөнүп,
Көк жал Алма султандын
Көзүнө айтып сүйлөнүп,
Ар түрлүү сөздү салганы,
Аш кайнамдай Алмамбет
Алда кимди айтат деп
Айран-азыр калганы.
Ачууландың кимге деп,
Жадаганда Алмамбет
Жайын сурай салганы.
Азыткы кулду айтам деп
Аягы менен Алмаңды
Азыр түртүп салганы,
Буту менен көрсөтүп,
Бузук кул, сени айтам деп
Бурулуп Көкчө калганы,
Ойнубу деп, чыныбы?
Алмамбет оюна алганы.
Көкчө баатыр сенби деп,
Көп көрүнгөн менби деп,
Укпадым эле кыйладан,
Көөсөр сөз кайдан келди деп,
Бууданым Көкчө сенби деп,
Мурунтан мындай жок эле,
Бузук сөз кайдан келди деп,
Эсирик сөздү басыңыз,
Экөөбүздү көрө албас
Элиңде көптүр касыңыз,
Эми бир, Көкчө, жөн айтчы,
Элиңде элким мен жүрөм,
Неликтен келди ачууңуз?!
Элиңе чыккан бар күчүң,
Бул эсирген сөзүң ким үчүн?
Жамандык көрсөң жайыңы айт,
Жашырбай журтка жайып айт.
Арамдык көрсөң ачып айт,
Апторой * журтка чачып айт.
Тийген болсо, тилим айт,
Бир күнөөм болсо билип айт,
Биле албасаң, эр Көкчө,
Жамандык сөздөн жанып кайт!
Көргөнүң болсо, көзөп айт,
Көрө албасаң сен, Көкчө,
Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт!

