КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Казактын канча калкы бар
Калк ичинде баркы бар —
Төрө заада төртөө бар,
Кан заададан канча бар,
Бек заададан бешөө бар;
Балаа кылды калмак деп,
Пастады биздин арбак деп,
Мурункудай жемиш жок,
Бузук кылды кытай деп,
Бузулгандын алчу элек
Анча-мынча малын жеп.
Калтырып барат бийликтен,
Кара жолтой Көкчөгө
Калабалуу бу кытай
Кайдан келип кийликкен?
Адылсынып калды деп,
Алаар арбын олжодон
Айрып бизди салды деп.
Олуясып калды деп,
Оолго түшкөн тамактан
Оңдурбай айрып салды деп.
Эндекей кылды элди деп,
Элинен кечкен бу кытай
Элирип кайдан келди деп,
Кылмыш кылган ким болду,
Алмамбет аны бүтүрүп
Кызыл чака пул бербей
Кылчайбай бизге тим болду.
Күнөө кылган ким болду,
Күнөөсүнө жараша
Бу күйдүргү кытай бүтүрүп,
Күлдү бийлер тим болду.
Ага-иниден чыр чыкса
Ана-мына дечү элек,
Анча-мынча дүйнө алып
Макул кылып жечү элек.
Балааны кылды бул калмак,
Капкайдагы доо, жаңжал,
Калысмын деп бүтүрүп,
Калкты бузду куу калмак.
Элди алынтып саларбыз,
Эгер калмак бар болсо
Эңгиреп куру каларбыз.
Калкты алынтып саларбыз,
Калк алынып кеткен соң
Каңкайып куру каларбыз.
Казакты кудай урарбы?
Каңгырап келип бир кытай
Калкты бийлеп турарбы?!
Мурунтадан бу Көкчө
Муңайбаган эр эле,
Доо-добурдуу чыр-жаңжал
Сиздер бүтүр дээр эле.

