Бүтүргөнүн бүтүрдүк.
Бүтпөй башын булгаса
Бүкөсүнөн түшүрдүк.
Житиргенин житирдик,
Сурак колдон чыккан соң
Чыкпай барат биздин жик.
Көкчө баатыр эр эле,
Көңдөй терек неме эле,
Көз көргөнгө сөз айткан
Көөлдөгөн кем эле,
Дүнүйөсүн жок кылса
Кенебеген неме эле.
Мал жагына бадирек
Кер-Көлдөн чалкар кең эле,
Катынын бирөө караса
Касаптай турган неме эле.
Башка жакка калганда
Паашалыгы бар эле,
Катын жакка калганда
Кара башыл адамдан
Эсеби жок тар эле.
Агызып ийсе алтынын,
Күйгүзүп ийсе күмүшүн
Эсине эгер албас деп,
Катының жакын деп койсок
Өлбөй тирүү калбас деп,
Алтымышы жыйылып,
Акылдашып алышты,
Алмамбеттен айрууга
Кеңеш кылып салышты:
Алымсейит, Дөөкүрү,
Алым, Бообек дегени,
Найман, Айтак эрени.
Тынымсейит, Согорбай,
Алмамбетти көрө албай,
Ар уруудан алтымыш,
Акылдашты жайма-жай.
Алчындардын Бообеги,
Абактардын Шаабеги,
Кичи жүздүн Үмөтү,
Алмамбет келелегинде
Алардын бирге ирети.
Орто жүздүн Жанышы,
Байжигиттин Багышы,
Аргындардын Алымы,
Наймандардын Элими,
Коңураттын Селими,
Жагалбайдын Жанбайы,
Жамы олтуруп далайы,
Залимдер баары зар кылып,
Алмамбет элин билгенге
Ата уулулар ар кылып,
Акылдашат ар качан.