Көкчө чыкса жан-жакка,
Көрмөккө барса мал жакка,
Тоого чыкса бийикке,
Ууга чыкса кийикке
Аңдап жүргүн баатыр деп,
Акеркеч деген катын деп,
Алмамбет менен жакын деп,
Ар кайсысы айтып кеп,
Көкчөнүн көөнүн калтырды,
Көкчө келип үйүнө
Көп аңдыды катынды.
Аңдып жүрүп ар качан
Көрө албады акыры,
Алмамбет сага жакын деп
Акеркечти каардап,
Алда канча такыды.
Такыганда Акеркеч
Эр Көкчөгө күүлөнүп,
Не болдуң деп сүйлөнүп:
Алмамбетти ким дейсиң,
Адамдын сырын билбейсиң.
Көрө албаган көй жаман
Артынан түшүп алыптыр,
Көкчө илгери болду деп,
Көрө албай сени калыптыр.
Элиңдин тилин аларсың,
Эзил эрден айрылып
Эмгекке түшүп каларсың.
Калкыңдын тилин аларсың,
Кан заададан айрылып
Кайгырарсың, каларсың.
Кайын энелүү күйөөдөй
Карап койбойт өзүмө,
Канетейин кан Көкчө,
Какаарлаган сөзүңө,
Кас душмандар биригип
Кылганы жүргөн өзүңө.
Кайнаталуу келиндей
Тик карабайт бетимди,
Мени менен мындай деп,
Мерт кылганы жүргөн го
Бээжинден келген жетимди.
Акеркеч деген катын деп,
Айттырбай билет датын деп,
Бул Акеркеч болбосо
Кетирер элек акыр деп,
Акыл менен сыйлап жүр
Акеркеч деген капыр деп,
Алмамбет мындай дей албай,
Казактан арам жей албай,
Көкчө мындай дей албай,
Көбүрөөк пара жей албай,
Сөздөрү калып талаага,
Өздөрү калып балаага,
Айырмакка Көкчөдөн
Ар нерсе алып санаага,
Өткүрдөн кылыч алалбай,
Өлтүрүүгө Алмаңды
Өздөрү эбин таба албай,
Буудайбекти бурууга,
Баары даяр болгондур.