Алмамбетти чагыңар,
Ачылар болсо багыңар,
Жалаң бизге ишенбес,
Ургаачыдан-катындан
Жакшы бир күбө табыңар.
Акеркечтен өткүн деп,
Астына чыгып кеткин деп
Буудайбегин алыңар,
Байбичеден өткүн деп,
Басып салып кеткин деп.
Калмактан келген каран деп,
Кайдан күттүм ап-септеп,
Жаман атты кылды го
Жалгыз кытай арам деп,
Акеркечтен сөз тиер,
Айылы дүрбөп жүргөнгө
Айдаркандан көз тиер.
Акеркеч коёр барктабай,
Акеркеч күтпөй койгон соң
Жалгыз жүргөн бир кулдун
Жай тапмагы бир далай.
Кетер акыр казактан,
Куудуруп жолго салбасак
Кутулбайбыз азаптан.
Алымсейит сүйлөдү:
Көкчө тилди албайт деп,
Көкчө тилди алган соң
Көмүлбөй калмак калбайт деп,
Акеркеч деген катын деп,
Ак болгон соң ал өзү
Чычалабас акыр деп,
Ак элечек баарынан
Акеркечте мол турат
Алда берген акыл деп.
Айтсаң, айта бергин деп,
Назарына албас такыр деп
Аныңар да куруган
Айла кеткен бу бир кеп.
Алмамбетти көп көрдү,
Ата уулулар ал жерден
Акылдашып, сөз түйүп,
Алтымыш күн өткөрдү.