КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Чоң үйдө болчу чогулуш,
Кичи үйдө жыйын жыйыптыр.
Буудайбектин отоого
Алтымыш араң сыйыптыр.
Кара-аламан боз балдар,
Кан Алмаңа дос балдар
Тышында калып шыкаалап,
Кире албай үйгө шыйпаңдап,
Эшикте жаштар калыптыр,
Буудайбектин үйүнө
Эл башы батып алыптыр.
Жуда журт тышта калыптыр,
Эр Көкчөнүн үстүнө
Журт билчүүлөр барыптыр.
Күчтүү болсун арак деп
Күчаладан салыптыр,
Үч элиге келтирип
Үзүп-үзүп алыптыр,
Үзүр айтып сөз баштап,
Үлпөткө кирип калыптыр.
Масчылыктан көз жаштап,
Баатыр Көкчө сөз баштап:
Чыгарыңар жакшылар
Чыр кылуучу ишим бар,
Ишене албай баарыңа
Чыгар чыкпас жан менен
Коюп жүргөн кишим бар,
Алмамбет менен жакын дейт,
Акеркеч деген итим бар.
Айтыңарчы аныгын,
Аңдасам, соодой көрүнбөйт
Алмамбет кулдун калыбын.
Эркектин көзү көрбөсө,
Э десе катын карганат,
Эр Көкчө буга таң калат.
Чыгаргыла аныгын,
Айнытпай койгун мойнуна
Акеркечтин таныгын,
Аман-соодой көрбөдүм
Алмамбет кулга калыбын.
Ылгайлык арман-алалды,
Көңүлүмө койбоңор,
Көз жетпеген мылалды,
Көрбөйлүк бөөдө залалды.

