Акеркечтин үстүнөн
Күбөлүк айтып турууга.
Ишенсең, Көкчө, муну кой,
Ишенбесең бу сөзгө
Азгырган мен экенмин,
Аны кой да, мени сой!
Өлүп калар бир катын,
Өксүбөсүн көп калкың!
Жатып калар бир катын,
Жарыбасын көп калкың!
Алмамбет турса колуңда
Алтындан болор чарбагың,
Ааламды басар салмагың,
Алмамбеттен айрылсаң
Арылбай калар арманың!
Азытка кирсең азарсың,
Аныктап кара басарсың,
Акылыңдан шашарсың,
Бузукка кирсең азарсың,
Бурулбай кара басарсың.
Алмамбет жолдош болду деп,
Көкчөгө арбак конду деп
Көрө албай жүргөн тууганың,
Көңүлүң ынап калабы,
Көзүң көрүп олтуруп
Артына түшүп турганын,
Казактын азыр канысың,
Калк жакшысы көрө албайт
Алмамбеттин калысын,
Алардын тилин аларсың
Алмамбетти өлтүрүп
Астына жердин саларсың.
Азыркысын сен Көкчө,
Өрт отундай жанарсың,
Кетсе дагы Алмамбет,
Өлсө дагы Алмамбет
Өзүң өчүп каларсың!