Арамдыгы чын болсо
Азыр кармап соёлук,
Алалдыгы чын болсо
Андай апсана * сөздү коёлук.
Олтурган орчун бийлер деп,
Оңой-олтоң иш эмес,
Олуттуу кепти сүйлө деп,
Олуту жок сөз айтып
Ойрон болуп жүрбө деп,
Эр Көкчө сурайт элинен.
Алтымышы адашпас
Алты жылдан бер
Акылдашкан. кебинен.
Ар кимде бар акыл деп,
Айткан менен ишенбей,
Аянды Көкчө баатыр деп,
Алмамбет бир жан турбайбы,
Бир кишини батырбай
Билбей айтсак жамандап,
Бизди кудай урбайбы!
Бирибиз эмес, баарыбыз
Жашыбыз эмес, карыбыз
Ак болсо кантип булгайлы,
Ага да боор бурайлы.
Бизге ишенбей койсоңуз,
Алган жарың турбайбы,
Буудайбектен сурайлы.
Баталашкан немедей
Баары сүйлөп калганы,
Катын, кандай көрдүң деп,
Буудайбекке бурулуп
Көкчө көзүн салганы.
Көргөнүң айткын, жеңе деп
Көй төрө чуулап калганы,
Ээрин тиштеп, көз кысып,
Байбичеден өттүң деп,
Күбүрөшүп салганы.
Өңү сулуу болсо да,
Өзүндө акыл аз экен,
Арак ичип бир чыны,
Буудайбек мындай мас экен.
Аңдабады Буудайбек
Ал олтурган көй төрө
Алмамбет менен кас экен.
Буудайбек анда кеп айтат:
Бузук да болсо байбичең
Менден жакшы деп айтат.
Чын айтпасмын, күнүмүн,
Чыгаан жакшы катының
Күндө көрүп жүрүмүн.