Айбатына баатырдын
Апкаарыша калышып,
Саламга алик алышып,
Баары турду дүрбөшүп,
Башта булар олтурган
Баатырлык кебин сүйлөшүп.
Көкчө төрдө каркыбар,
Көк сүлөөсүн бөркү бар.
Бар жастык коюп башына,
Буудайбекти алып кашына,
Сол чыканак таянып,
Сонун жаткан жайланып.
Ачуусу келди Көкчөнүн
Алмаңа тура бергенге,
Эл бийлеген эрлерге,
Белине таңуу бектерге,
Бет албай тура бергенге.
Ачууланып акырды:
Ажыдаар башын салдыбы?
Же бир арстан кирип калдыбы?
Айткан сөзүң эмне эле?
Атпай казак баарыңды
Арбак уруп салдыбы?
Орду-ордуңду алгын деп,
Ордуңду берип калмакка,
Оңолбогон кесек ит,
Оолактап кайда бардың деп
Кан Көкчөдөн кеп чыкты,
Эр Алмамбет баатырды
Калмак, кытай деп чыкты.
Кырк жигиттин баарысы
Кырка олтуруп калышты.
Ортодо калды Алмамбет
Олтурууга орун жок.
Алмамбет кайдан аянды,
Төрдө жаткан Көкчөнүн
Сол тизесин таянды.
Көрөр Көкчө көзү жок,
Көңүл тынар сөзү жок,
Тетири Көкчө багыптыр,
Суук сөздүн баарысы
Алмамбет жакка агыптыр,
Суук сөздү көп айтып
Сурданып Көкчө калыптыр:
Кадырлуу казак бектери,
Кайдан жүргөн бу калмак,
Качан болгон келгени?
Келген киши кетпейби?
Кетпей жүрсө өлүмү,
Кес ажалы жетпейби?