Кайтпас болсо калмакты
Кара койдой сойбойбу?
Канын төгүп койбойбу!
Жумуран калгыр журт болбой,
Сураганын ал дечи,
Сурданбай жолго сал дечи!
Каалаганын ал дечи,
Бул кулду, камсыкпай жолго сал дечи!
Анда Алмамбет муну айтат:
Айныбагын сен, Көкчө!
Айтканыңды бер, Көкчө!
Казатка чыгар касым бар,
Майданга чыгар башым бар.
Сапарга жүрөр салтым бар,
Жакындан болгон жатым бар.
Жан кыйбасам, эр Көкчө,
Сага айтууга датым бар.
Каалаганым Көгала,
Камсыкканым Көккүбө.
Атыңды берчи минейин,
Арстандыгың билейин!
Тонуңду берчи киейин,
Тойгондугуң билейин!
Башымды катпай сактанып,
Басташып жүргөн душманга
Барып мен бир келейин!
Жанымды катпай сактанып,
Жанчышып жүргөн душманга
Барайын да, келейин,
Баркын билип берейин!
Баданаң менен тонуңдун
Майы болсун меники,
Башы болсун сеники.
Көркөм күлүк Көгала,
Күчү болсун меники,
Күдөрүң үзүп тим калба,
Башы болсун сеники.
Адам айтар сөздү айттың
Каалаганыңды алгын деп,
Кайда барсаң баргын деп.
Суктанганыңды алгын деп,
Сурданбай жолго салгын деп.
Айтканыңдан жанба деп,
Арстан Көкчө, танба деп
Алмамбет кармай калганы,
Ал сөздү айтып салганы.
Анда Көкчө кеп айтат,
Астыңкы катар элге айтат:
Алмурут чыккан жерлерге
Ит мурун чыгат дечү эле,
Ит ичпей турган ашынан
Үмүт этет дечү эле.