КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Арстандын баскан жеринен
Аюу жойлоп турарбы?
Атымды сурап бул калмак,
Атаа, мындай кудай урарбы?!
Бул сөздү айтып салганы,
Арстан Алма баатырдын
Ачуусу келип калганы.
Жаалы чыгып сөзүнөн,
Жалын чыгып көзүнөн:
Кирбедим, Көкчө, ойнуңа,
Анты-шертиң мойнуңа,
Алмурут Көкчө сен болсоң,
Ит мурут жыгач мен болсом,
Мен да куруп калайын
Ит Көкчө, сенден кем болсом!
Арстан Көкчөм, сен болсоң,
Лапшыйган аюу мен болсом,
Аныктап арбак урган го
Айбаным, сенден кем болсом!
Элиңде туруп эркексиң,
Маалаңда туруп баатырсың,
Бастырып карыш сен чыксаң
Кош бою бар катынсың,
Корооңдо болгон коңшуңа
Коржоңдогон капырсың!
Кут болсун өлбөй тирлигиң,
Куп кылар элем бул жерде,
Кудай кошкон бирлигиң!
Бул сөздү айтып салганы,
Эсине келип эр Көкчө
Кеттиби жана калмак деп
Баш көтөрүп алганы,
Алмаңды көрө калганы.
Көрө сала кеп айтат,
Көкчө баатыр нени айтат:
Кытайды кудай урабы,
Кылганы мага турабы?
Калмакты кудай урабы,
Катылганы турабы?
Кет дегенге не кетпейт,
Кесенип калмак не кектейт?
Чык дегенге не чыкпайт,
Чырмалып калмак не ыктайт,
Чык деген кепти не укпайт?
Бел ашса буудан арбайбы,
Меники деди ар жайды,
Бери ургандай бу кытай
Бергени болсо албайбы?!

