КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Дарайы көйнөк шоодурап
Караса көзү жоодурап,
Булаңдай басып Акеркеч
Бура тарткын, аяш деп,
Акеркеч наалып кеп айтып
Аттаныпсың деп айтып:
Атадан бала таарынчу,
Алыска кайда баруучу?
Агадан ини таарынат,
Ар кандай кызмат кылса да
Ага кайдан табылат?
Анык өзүн көрдүңүз
Ата уулунун кастыгын,
Көзүң көрүп турасың
Көкчөнүн көкүш мастыгың
Күүлдөгөн эр эле,
Көңдөй челек неме эле.
Мурун келип ким айтса
Анын кебин сүйлөгөн,
Атакемдин бул уулун
Ар ким ишин бийлеген.
Аталуу-бала урушат,
Агалуу-ини жулушат,
Анткен менен кетеби,
Айланышып турушат.
Энчиге малын бөлүшөт,
Эки ага-ини өрүшөт,
Не түрлүү уруш болсо да
Эртеси өңүн көрүшөт,
Өлүп калса бир-бирин
Өкүрүп, ыйлап көмүшөт.
Кылчайбай атка минишиң
Келбес бекен эбиңиз,
Бир сапаркы ачууңду
Минтпей мага бериңиз?
Атаңыз калды бейкапар,
Азган жан кайдан жай табар?
Энеңиз калды бейкабар,
Элирген кайдан жай табар?
Мас тараса соо болор,
Калаба кылган ким болсо
Карышкан кара доо болор.
Жаманга сени кыя албас,
Жарыкылар оңбо деп
Жашын Көкчө тыя албас.
Бугу ичине сыя албас,
Бузукулар оңбо деп
Муңканып Көкчө тыйылбас.
Акеркеч тосуп муну айтты,
Алмамбетти муңайтты.

