Ал сөздү айтып Акеркеч,
Айыбы ургаачы болбосо
Андан чыгар көп кеңеш.
Ол сөздү угуп Алмамбет,
Акеркечтен башканы
Ар жерге барса жан дебес:
Сурадың барар жерими,
Султандын уккун кебини.
Курган кара башым бар,
Кургабай аккан жашым бар,
Жакындан чыккан касым бар,
Тарабай ичкен масым бар,
Ышкы тийген өзүм бар,
Ыйлоодо жүргөн көзүм бар,
Арманда айткан сөзүм бар!
Арман эмей неткеним,
Ата-энемден кечкеним!
Өз элимди өрттөдүм,
Жат элимди жалмадым,
Жан бурадар Көкчө деп,
Жайсыз жерди кармадым.
Батарыма тоо да жок,
Барарыма жер да жок,
Баш калкалар эл да жок!
Текөөрү болот шумкардай
Тегеренип учармын,
Терек көрсөм конормун,
Тербелбестен көтөрсө
Ошого жолдош болормун.
Канаты күмүш ак туйгун
Калкылдап кайып учармын,
Кайыптуу жерге узармын.
Кайыңды көрсөм конормун,
Кайышпай кайың көтөрсө
Как ошо жерде болормун.
Ал сөзгө Алмаң келгени,
Кара жашы төгүлүп,
Кадырын билер Акеркеч
Кабыргасы сөгүлүп,
Кайышып көңүл бөлүнүп:
Катын эмес, эр болсом,
Кан Көкчөңдөй мен болсом
Канетер элем Алмамбет!
Таамай ук айткан сөзүмдү
Жараткан жалгыз алдага
Тапшырдым аяш өзүңдү!
Артыңа түшкөн көп шайтан,
Ашкере күнөө кылсаң да
Ардыкпай турган эрди айтам.
Талкаласаң талыгып
Тантынбай турган эрди айтам.