КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Так ошондой эр күткөн
Таалайы артык элди айтам,
Талаалатып жибербей
Таяна турган жерди айтам.
Арамзаада жыйылып
Ажалга сени баалашты,
Көрбөй өтүп кетпегин
Көк жал төрө Манасты!
Тоодон улук иш кылсаң
Ашырганын жан билбейт,
Эр өлтүрсөң, кан төксөң
Жашырганын билбейт,
Айдаркандын Көкчөдөй
Алтымышын көзгө илбейт.
Суудан улук иш кылсаң
Кечиргенин жан билбейт,
Жамандык кылсаң, жакшылык
Келтиргенин жан билбейт,
Талабына жигитти
Жеткиргенин билбейт.
Төрүнө өтсөң, жектебес,
Кейишке салсаң кет дебес.
Бүлүндүрсөң кейибес,
Мүнөзү жумшак мөл болгон,
Төгүп жатсаң тосулбас
Дарыя чалкар көл болгон.
Кадырың билер как ошо,
Кан зааданын баарысы
Кашында жүрөт аа кошо.
Бейлиңди билер бек ошо,
Бек зааданын баарысы
Бетинде жүрөт аа кошо.
Акеркеч аны сөздөдү,
Алмамбет сөзүн көздөдү:
Көкчөдөн көргөн күнүм бул,
Көсөмгө кантип барамын?
Өлөңдүү жерге өрт койгон
Көсөлгө кантип барамын?
Кара сууга кан куйган
Каңкор неме деди эле.
Калайыкка чаң салган
Анткор неме деди эле.
Биринен качып бирине,
Нарынан качып пилине
Барган менен нетейин?
Башымды алып кутулуп
Башка бир жакка кетейин.
Анда Акеркеч муну айтып,-
Наалып турду муңайып:
Ак жибектен тор жайдым
Абада туйгун кушума,
Эмки сөзгө көнбөсөң
Тапшырам аяш тузума.

