КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Калып көөнү Көкчөдөн,
Канжар менен бычакты
Как тушардан көз көргөн,
Албарс тийген боюна,
Арстан Алма султандын
Ар нерсе түшүп оюна:
Башка адам болсо өлбөйбү
Маа тийген канжар бычакка,
Кылыч, канжар, баарысы
Батар эмес кучакка.
Таянганым Көкчөбү?
Так куткарды кудай деп,
Алмамбет наалып өксөдү,
Ишенгеним Көкчөбү?
Ишим актан чыктым деп,
Имерилип өксөдү.
Толгонуп жоктур өнүмүм,
Токтолсом болор өлүмүм.
Кайтадан болбос өнүмүм,
Кайрылсам болор өлүмүм.
Аман болгун жеңе деп,
Асылы токто дебе деп,
Эр Алмамбет муну айтат,
Эркечти кошо муңайтат.
Бурулбасы билинип,
Акеркечтин сөзүнө
Муңканып араң илинип,
Кетмекчи болгон Алмамбет,
Акеркеч наалып айтат кеп:
Жарашып калган жериң жок,
Жакшы айтышкан эриң жок,
Же жайнаган кытай элиң жок,
Жалгыз кетүү эбиң жок.
Жээниң да жок, тайың жок,
Жердеп турар жайың жок.
Баш калкалар байың жок,
Батып турар жайың жок.
Бөлөктү койдум бөлө жок,
Эңкейип кетсең жөлөк жок,
Кай жерде болор турагың?
Айтып кетсең экен деп,
Кадаланып сурадым.
Урматың үчүн улайын,
Уккан, көргөн эл болсо
Ушундай жерге бармак деп
Уламалап сурайын.
Кадырың үчүн угайын,
Кайгырайын, турайын,
Как ушу жерде болмок деп
Кабарыңды сурайын,
Аны үчүн азыр сураймын.

