Тушуна келер бир жан жок,
Тута турган тири жан жок
Ылактырып-ыргытып
Урду канжар бычагын.
Жалпагы тийип шалдырап
Канжарлар жерге төгүлдү,
Калды жайнап жалтырап.
Сабы тийип кай бирөө
Сайылды учу жерге түз
Алмамбетке келиптир
Жараткан берген каар жүз.
Ылактырган-ыргыткан
Ушу турган канча жан,
Казактардын жарагын
Тушарга чыкты карагын.
Өлтүрмөк экен иттер деп
Өткүр Алмаң ойлонуп,
Кан Көкчөсүн баш кылып,
Катарда болгон кишисин
Капилеттен кырармын,
Касчылыкты кылармын!
Капыр менен мусулман —
Калк баарына жоо болсом
Кайда барып тынармын?!
Итчилик кылса бу кылсын,
Азыр сабыр кылайын!
Өлөңдүү жерди өрттөбөй
Өзүм жүрүп кетейин,
Канын жүктөп казактын
Кар болуудан кечейин!
Эч бирөөнө карабай
Эшикти көздөй бет алды,
Жолугарга бир жан жок,
Алмамбет баскан жол жагын
Ача берди казактар,
Каарына тура албай
Кача берди казактар.
Айрылдык калмак кулдан деп
Ата уулу калды шаттанып,
Казатка минер Кылжейрен
Алмамбет атка аттанып,
Көңүлгө түшкөн алам деп,
Көй төрө бузду, арам деп,
Эр Алмамбет ойлонуп
Эми кайда барам деп,
Атка минип алганы,
Оолжуй басып Акеркеч
Ордодон чыгып калганы.