Кыргыз, казак туушкан,
Кызыр чалган мурунтан,
Таарынганың Көкчөнү
Башынан арбак унуткан.
Жакшысын билбей, жаман деп,
Жадатканың кандай кеп?
Жаманын билбей, жакшы деп
Жиндисин билбей, бакшы деп
Тийишкениң кандай кеп?
Баш койдум аяш сен үчүн,
Манаска барып тийип өт
Башканы коюп, мен үчүн.
Жакшыны жаман дегениң,
Жарабас аяш бул күчүң.
Насыятым тыңдап өт,
Азат боюң чыңдап өт,
Арстан Манас баатырды
Аз имерип сындап өт!
Билимдүүлөр кеп айткан,
Миң күнчүлүк бейиштен
Бир күнкү жарык деп айткан,
Билбесе алар нени айткан.
Алар Манас барыкка,
Теңебе Көкчө тарыкка,
Теңирден ажал жетпесе
Турганың жакшы жарыкка.
Ал сөздү айтып Акеркеч
Алмамбетти торгоду.
Акеркеч жеңе сен үчүн,
Баянын айтып Манастын
Баш катырдың мен үчүн,
Тийсе тийип өтөйүн,
Тим таштап кантип кетейин,
Байкармын баатырыңызды,
Аңдармын айткан кишиңди,
Азыр кетип мен барам,
Кыйла сынап көрөрмүн,
Кыйындардын ишини.
Ушуну айтып Алмамбет,
Нар төөдөй боздошуп,
Аман болгун жеңе деп
Акеркеч менен коштошуп,
Алмамбет жолго салыптыр.
Ар сөз ойлоп Алмамбет,
Мастыктан кылган иши деп,
Тараган соң мастыгы
Аркамдан киши чабар деп,
Алыстан кайдан табар деп.