КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Өлөмүн деген тийбесе,
Өзге бенде тие албайт,
Мыктысып бычак салган жан
Мындан эгер тирүү калбайт.
Ажалы жеткен тийбесе,
Асили бенде тири калбайт,
Арзан адам тие албайт,
Айдаркандын балдары
Азыр ушу кезинде
Алмамбетсиз сие албайт.
Ага-ини болуп алыптыр,
Аралашып калыптыр.
Катылганды соо койбойт,
Кадырлаш болуп алыптыр.
Ар кандай деп сүйлөсө
Көкчөнүн сөзү эм болор,
Алмамбетке катылган
Казакка тамам жем болор.
Ал көрөкчө бир амал:
Дүнүйөгө калганда
Көкчөдө көөдөк кеңдик бар,
Калктан башка бир мүнөз
Катынына жаман тар.
Акеркеч деген катыны,
Алмамбетти ар качан
Аземдеп күтөт акыры.
Аңдагын, Көкчө баатыр, деп,
Аз экен сенде акыл деп,
Алмамбет деген кытайдан
Азып келген капыр деп,
Атасын сойгон бу кытай,
Аскерин сойгон куу кытай
Аясын кимди акыр деп,
Көкүрөктө жаныбыз,
Көкчө баатыр каныбыз,
Бөлөк экен теңибиз,
Бир күнү калмак өлтүрүп
Коёт го дейбиз сени биз.
Атилес, тубар өөнү бар,
Акеркечти алууга
Алмамбет кулдун көөнү бар,
Жандан кечкен кытайдан
Сак болуштун жөнү бар.
Катын эрге душман деп,
Каныбыздан айрылып,
Калк болбосун бушман деп,
Акыры сизди өлтүрөт,
Акеркеч менен Алмамбет
Абыдан сөзү бышкан деп
Айдаркандын Көкчөгө
Ал сөзү айтып багалы,
Таянганы, Көкчөгө
Так ушинтип чагалы,
Көкчөдөн чыгып калган соң
Көңүлүн элге бура албайт,
Көчүгү батып казакка
Алмамбет асты тура албайт.

