Эр көкүрөк кай бирөө:
Ушунетип жүргөнчө
Адам болбой калбайбы?
Коржойгон жалгыз кытай го,
Колго бычак албайбы?
Алмамбет сизге кеп бар деп,
Оолак алып барбайбы?
Окустатып калмакты
Жара тартып салбайбы*!
Кун сурарга жан барбы?
Кубаңдаган заңгарды.
Кутулбайбы, калбайбы?
Жашыл сап канжар албайбы?
Жалгыз жүргөн бир жерде
Жара тартып салбайбы?
Жакыны жок бир кытай
Жалпайып жатып калбайбы!
Жоголду деп кытайдын
Жообун сурар жан барбы?
Жоготмогу арзан го
Жолдошу жок заңгарды,
Ичин жарсаң кытайды
Издей турган жан барбы?
Ит өлүмү кылбайбы
Ага окшогон заңгарды.
Абай деген бир жигит
Ал сөздү айтып турганы,
Акылсыздан кыйласы
Маакул көрүп тунганы.
Элимбай менен Селимбай
Эми айтат жайма-жай:
Кызуусу менен кымыздын
Кыйын болгон жандырсың,
Кыйрыңдан азган кардырсың,
Кыйын болсоң кытайдын
Соорондукча бардырсың.
Соорондук сонун эр болгон,
Толкуган кытай эл болгон,
Согушуп Алмаң эр менен
Соңунан келген не бир дөө
Оруну кара жер болгон.
Кызыл чоктун баатыры,
Эр Коңурбай баш болуп
Ошол элдин жок бекен
Абайым, сенче акылы?
Бир бычактан өлүүчү
Минтип басып жүрө албайт,
Капкайдагы тешигиң
Калыстык кылып бүтүрүп
Тинтип басып жүрө албайт.