Аяр Култаң келиптир,
Терс-Суудагы Текеске
Айтып кабар бериптир.
Аярлык менен кол кылып.
Адам өткүс жол кылып,
Кубанып Куяс турганда,
Кабар салбай кандарга
Текести теңир урганда
Бейкут жатып алдырып,
Кишидей кылган аскерди
От күйгүзүп жандырып,
Куяс, Текес өлүптүр,
Култаңдын көзү көрүптүр,
Былчакай, Төтө ашыптыр,
Адам албай шашыптыр,
Эки күнү, бир түнү
Арада жолду басыптыр.