МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Желектери жалпылдап,
Жер көрүнбөй калкылдап,
Баңдуулунун түбүндо
Жети жүз керней бапылдап
Аскерин жыйын азырлап*
Тура турсун каныңыз,
Кабылан Манас баатырдын
Туш-тушка кеткен колу бар
Кабарын угуп алыңыз.
Сары-Арканы жайлаган,
Сан казагын айдаган,
Келиштирип кермеге
Кертөбөлдү байлаган,
Кезенишкен душмандын
Кесип башын чайнаган.
Саймалуу калпак, сары шым,
Шалдыркан кисе бото кур,
Алтындуу наал, жез өкчө,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Дөөлөт кушу башында,
Жыйырма тогуз жашында,
Көп аскери кашында.

