МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Омуроого ок тийип,
Каны чыгып шорголоп,
Качып келдим каным деп
Как өзүңө корголоп,
Кашын көрсөң кан жайып,
Жаманыраак жарасы
Кере сөөм алжайып,
Кызыл-Суунун башына
Кызматыңа бардык деп,
Кыжылдаган кол көрүп
Кыргын таап калдык деп.
Бири миңден качпаган,
Көп экен ден шашпаган,
Айбаттары жолборстой,
Асти өлүмдөн качпаган,
Аскери арбын, колу көп,
Азыр келди мында ден,
Арзымды таксыр тыңда деп,
Элүү-кыркы жарадар,
Келгендердин баарысы
Келесоого барабар.
Үшү кетип үшкүрүп,
Кейпи кетип кейишип,
Кызыл-ала кан болуп,
Келдим деди канына
Кыргыз менен челишип.
Акун шаа айран калыптыр.
Айтканынын баарысы
Жаман айтып барыптыр.
Кармашканда жеңем деп
Өзү ишенбейт боюна,
Качамбы деп мен дагы
Ар нерсе алып оюна.
Муну ойлоду каныңыз,
Мурдарчылык жумушун
Дагы көрүп алыңыз:
Ордокана коңгуроо —
Баңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур,
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур,
Калмактын баары камданып
Атка минип чыгыптыр.
Ордого добул согулду,
Ойроттун баары чогулду.
Ак отого, көк диңсе *,
Айбаты бар көрүнсө,
Кек отого, ак диңсе,
Көркү кыйын көрүнсө.

