МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Бооң жаткан жол менен,
Келсе душман кол менен,
Өлө турган келбесе
Өңгө бенде келе албас,
Ажалы жеткен келбесе
Асты киши келбес деп
Бейкут таштан салыптыр,
Абакеңиз эр Бакай
Жүз отуз миң кол менен
Жайнап чыга калыптыр.
Аны таштап салыңыз,
Арстан Манас баатырдын
Алда эмине сөзү бар
Кабарын угуп алыңыз.
Асты-үстү болгон тоо экен,
Тилке-тилке коо экен,
Аягы калың чер экен,
Ач кайкалаң бел экен,
Ат жүргүс жаман жер экен.
Күндүн мурду чалганда,
Тоого тийип калганда
Чыккан экен белине,
Айран-азыр таң болот
Акунбешим элине.
Карк эткенден карга жок,
Караан-бараан калган жок.
Курк этерге кузгун жок,
Же жол караган тоскун жок.
Кандай турган эл экен,
Ач кайкалаң бел экен.
Токтолуп колго кеп айтат:
Оң жагында бийик кыр
Мен чыгайын деп айтат.
(Жүргөн аскер мол экен,
Манас менен барганы
Жүз элүү миң кол экен).
Жүз миңиң белде калыңар,
Мага көзүң салыңар.
Жол болгон болсо кокустан
Байрак булгап бакырам,
Бара бергин элди деп
Байрактын башын жапырам.
Байракты көрүп албаңар,
Байкабастан ат коюп
Балакетке калбаңар.

