МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Көлдөлөң жаткан ажыдаар
Көрүп аны калыптыр,
Отуз миң мерген курчашып
Оюн-тоосун алыптыр.
Жанындагы жолборсун,
Жолборс болгон жолдошун,
Бөрү болгон, чөө болгон,
Аярдын бети көө болгон,
Кабылан болгон, шер болгон
Токсон баатыр-балбанын
Ойрон кылды баарысын.
Ажыдаар болгон Бооңду,
Аңтарды Бакай тооңду,
Кыргыл чал, Бакай барганы.
Кызыталакты карма деп
Кыйкырып кирип калганы.
Кызыталак тим жатпай
Кырк миң колду жалмады.
Арка жактан барганы
Аяр Ырдык арбады,
Ажыдаар болсоң мына деп
Байкүш тилин байлады.
Дуба айтарга тил калбай
Бооңдун көзү жайнады.
Бир буту менен бир колу
Жок болгон экен бир жолу.
Ортого курчап алганда,
Ок жаадырып салганда
Бир жүз токсон ок тийип,
Жазайыл * менен топ тийип
Кол-аягы сыныптыр,
Кошундун көөнү тыныптыр.
Качарына шайы жок,
Тура турган жайы жок.
Сокур болгон көзү бар,
Соо жатпаган өзү бар.
Ажыдаар болуп алыптыр,
Көзү көрбөй жатканда
Аскер курчап калыптыр.
Кутуларга жери жок
Кудай уруп салыптыр.
Болбойт экен мунум деп
Ажыдаарлык аярдан
Жаны жадап кеткени,
Кайтып адам болууга
Жандырып абсун чечкени.
Көк түтүн чыкты буркурап,
Азыр турган токсон миң
Түтүнүнөн көрө албай
Жүдөп турду чуркурап.

