Жетип барып Ырдыгы
Жети кесе суу алды,
Аяр экен бу да деп
Аскердин баары кубанды.
Жети үшкүрүп дем салып,
Жети кесек топурак
Кармап алып колуна,
Каршы барды кадимки
Бооң аяр жолуна,
Мылтык менен аткын деп
Жарлык айтты колуна.
Мылтыктарын октошуп,
Милтелерин чоктошуп,
Жүздөн, миңден топтошуп
Мергендер жөөлөп барганы.
Атат экен булар деп
Аяр Бооң билиптир,
Абсун окуп, дем салып
Бир үшкүрүп ийиптир.
Тоодой кызыл от болду,
Топ-топ болгон мергендер
Отко кантип токтолду?
Жети кесек топурак
Ырдык үйлөп ийгенде
Жети кат болду булуту.
Жети чыны суу барган,
Жети дайра көл болуп
Күйгөн отун курутту.
Оту суудан өчкөнү,
Бооң туруп кыйкырды,
Капчыгай ичи көчкөнү.
Капкараңгы түн болду,
Карайлатты көп колду.
Качарга арга барбы деп,
Кыргыл чал калды кыйынга,
Кыйкырып айтты жыйынга.
Аргасын анык биле албай,
Алдырашып бир далай
Алар турсун токтолуп,
Абакеңиз эр Бакай
Эки күнү бир түнү
Кетпеди беле жок болуп.
Тоонун башын алыптыр.
Жон-жондун баарын чалыптыр
Артуу экен жолу деп,
Арбак урган капырдын
Кайда жатат болду экен
Камдап жаткан колу деп
Эр Бакай айран калыптыр,
Эңкейип астын караса
Аскердин жаткан үстүнө
Кара түн түшүп алыптыр.