МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Бооң аяр жөкөрү
Отузу болгон көк бөрү,
Кыркы кызыл чөө болуп,
Экөөн кылып кабылан,
Караан көрсө чамынган,
Сегизи илбирс болуптур,
Ону кара куш болуп,
Оңдурбастай иш болуп,
Таш башына конуптур,
Ар кайсы жерден карпайын,
Алачык үйдөй барпайын,
Өйүз менен бүйүзгө
Кара куштар толуптур,
Азыркы келген аскерге
Акыр заман болуптур.
Тогуз каман кыл кыйма
Жолго жатын алыптыр,
Муну көрүп Кыргыл чал
Жоболоңго калыптыр.
Алиги көргөн кемпирди
Алты жолборс артынан
Күчүктөй ээрчип алыптыр.
Кыргыл баатыр кыйкырып.
Жетимиш миң аскерди,
Жер жайнаган көп эрди:
Мылтыктууң канча бар экен,
Мыктууларың кана экен?
Кемпир чыкты каргаша,
Кел, көрүңөр тамаша.
Муну айтып Кыргыл акырды
Көткү колду чакырды.
Көрүңөр деди береги
Жолго жаткан капырды.
Жалпы колду карасаң
Жаңы үйрөнчүк мергендей,
Жайытка кийик келгендей
Тоону көздөй жабылды,
Көңкү аскердин баарысы
Көрмөк үчүн сабылды.
Жетимиш миң аскердин
Жыйырмасы саадак тартуучу,
Отузу мылтык атуучу,
Жана дагы беш миңи
Күрсү урчу балбаны,
Он беш миңдин баарысы
Найза, кылыч алганы,
Кырдан чыгып кыргыздар
Көрбөгөнү калбады.
Бербердигер кудая,
Бендеде мындай болорбу,
Бетине келген оңорбу?

