Тоо башында биздерге
Толук тийген күн деди,
Колдун жаткан жерине
Караргандай түн деди.
Абаңыз айгай салыптыр,
Кырк миң эле адамы,
Кырга чыгып барыптыр.
Кол конгон жери Тал деди,
Капчыгайда жол гана,
Карайган калың кол гана?
Караңгы кара түн болгон,
Жарымы кара, жармы ак,
Кандай сонун күн болгон?
Бул аярдын иши деп,
Буга айла кылуучу
Кырга чыккан кырк миңден
Өз колумда бар бекен
Өнөр билген киши деп
Эр Бакай сурап калганы.
Бабылдан келген эр эле,
Байкүш аяр дээр эле,
Баатыр Кошой абаңа
Шакирт болгон неме эле.
Куркулдаган кузгундан
Бирөө калды көрүнүп,
Көрө салып кузгунду
Көп турбады эринип.
Алиги жерден Байкүшүң
Абсун окуп салганы.
Өкүмөтү менен алданын
Табындагы шумкардай.
Аяр Байкүш колуна
Кузгун конуп калганы.
Колуна келген кузгунга
Абсун окуп демдеди,
Ашыктай * өпкө жемдеди.
Куйругуна үч кулач
Төө жүнү жиптен байлады,
Бу кузгунду учуруп
Бакеңиз жолго айдады,
Бооңдун шору кайнады.
Ок болуп кузгун жетиптир.
Оң көзүнө тийгенде
Шилиден чыгып кетиптир.
Кузгун аттуу ок кылып,
Караңгыны жок кылып,
Бооңдун башы жарылды,
Караңгысы ачылды.