МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Баягы барган мергендер,
Атсак экен дегендер
Кетерге жолу жок болуп,
Шашкеде келген аскерлер
Түшкө жакын токтолуп,
Ар кайсы ташка жармашып,
Олтурган экен олор да
Мылтыктарын камдашып.
Керип жааны кестешип,
Түн түшкөн соң өлдүк деп
Өлүм жагын эстешип.
Жарыкты көрүп кубанып,
Балбандардын баарысы
Саадакты кестеп буралып.
Караса Бооң аярды
Башын кузгун жарыптыр,
Ошондо да тим жатпай
Узундугу жүз кулач
Ажыдаар болуп алыптыр,
Көлдөлөң тартып суусуна
Көпүрө болуп калыптыр.
Бооң аярдын жолдошу,
Болгон алты жолборсу
Адам элек неттик деп,
Айбан болуп кеттик деп,
Ажыдаар болгон Бооңду
Жолдошу жатыр тытып жеп.
Бооң аяр кыйкырды
Лаайламалуу деп.
Кырга кеткен кырк миң кол
Куюлма шагыл кум ылдый,
Куюшканын кармашып,
Куюлуп келет бул ылдый.
Какыраган таш кыя,
Тайгылбайт менин атым деп,
Жандай салып бир-бирин
Жөлөп жүргөн сандан көп.
Кысталаң кылбай тура тур,
Кызталак, атым өлөт деп,
Так, Кожом! — деп аттарын
Жөнөп жүргөн андан көп.
Эки күнү, эки түн
Жоголдуңар бүп бүтүн,
Кырк миң колдон кылайып
Бирөөңөрдү көрбөдүк,
Чыйраксынып чыдабай
Капчыгайга жөнөдүк.
Баары туюк бадал тоо,
Көмүркөй экен өзү деп,
Көп аскер кирип жоголду,
Көр экен мунун тоосу деп
Көпчүлүк айтып салыптыр.

