Дөө менен периби,
Акунбешим паашанын
Адам уулун жүргүзбөс
Тилсымат койгон жериби?
Көргөндөр аны айтышты,
Көрүп алып кайтышты.
Карыясы Ошпур бар,
Кайраттуусу Кыргыл бар.
Саадактуу саадак октоңор,
Мылтыктуу милте чоктоңор.
Атыстан туруп баарыбыз,
Жакын барсак каапырдан
Калар эмес жаныбыз,
Алыстан туруп ок атын
Аңдайлычы баарыбыз.
Аны айтып Кыргыл салганы.
Айтканын угуп алганы,
Ырамандын баласы
Ордунан тура калганы:
Ошпур, Кыргыл, баатыр деп,
Ойлонуңар акыр деп,
Болучу эле паашада
Бооң деген капыр деп,
Аярлыгы ашкан деп,
Алышкан душман шашкан деп,
Ар сүрөткө кирет деп,
Адамдардын баары айткан
Ачууланса бу капыр
Ара күндүк жерлерге
Өрт күйгүзүп иет деп.
Ырчы бала сөздөдү,
Угуп алды баарысы,
Жашы менен карысы.
Муну айтып Ырчы салганы,
Адамдар айран калганы.
Айтып оозун жыйганча
Оргонун Ырдык аяры
Ордунан туруп кеп айтат:
Ой, калайык, деп айтат.
Аярдын иши бул экен,
Астыңда тосуп туру экен.
Өтө албайбыз мындан деп
Ат, адамдын баарысы
Ачка кантип жаталы,
Ар тараптын тоосунан
Камалап мылтык аталы,
Оту болсо көрөлү,
Менде да бар аз өнөр.
Аны айтып Ырдык калганы,
Азаматым, бали деп
Кыргыл чал айтып салганы.