[Мындан кийинки окуя: Көлдөн аттанып чыкканда үчкө бөлүнгөн колдун Айдаркан баштаган бөлүгү жөнүндө болот. Айдаркан, Көкчө баштаган кол Кер-Көөлдөн Алматы тарапка ашып түшүп, Иле боюн башкарып турган Илебин деген калмак канына каршы барат. Илебин мурда Орго канга жардамга барып, андагы болгон согушта Бакай баатырдан өлгөн. Каны жаңы өлүп, өзүлөрү качып барган калмактар каршылык көрсөтө албайт. Жарашууну туура табышып, Илебиндин агасы Чыңша байдын кызы Буудайбек сулууну баш кылып тартуу тартылат. Буудайбекке Көкчө үйлөнөт. Кол кайра тартат. Үчүнчү топту башкарган Үрбү баатырдын колу Кеминдеги Кеймен шаанын турган жерине келет. Кеймен да мурда Оргого жардамга барып, аламан согушта Эштектердин Жамгырчысынан өлгөн. Кеймендин кызы Ойсалкын өзү келип Үрбүдөн Эки-Кеминдин элин сурап алат да, Үрбүгө тиет. Ушул учурда Алматы тараптан кайра келе жаткан Көкчө өз колу менен келип, бардыгы чогуу «Чууда» Акунбешим шааны камап жаткан Манастарга кошулушат].