МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Төкпөйүн кызыл каныңды,
Азат кылып бу жерден
Коёюн деп жаныңды,
Кырк миң киши туттуң деп,
Ажыдаар болуп оп тартып
Ат-тону менен жуттуң деп
Аларды не кылдың деп,
Байкүш сурап калганы.
Айтпай башын чайкады,
Айтпаса да мейли деп
Байкүш, Ырдык байкады.
Ажыдаар эмес, киши экен,
Ажыдаар болуп жол бууган
Арып-дуба иши экен.
Колу-буту бүт сынып,
Колго түшүп жан тынып,
Колдо кармап турган соң
Элди эмне кылдың деп
Эми мындан сурарбы,
Эми коркор не калды,
Ата, мындай кудай урарбы?
Муну айтып Ошпур салганы,
Алты карыш канжарын
Кындан сууруп алганы.
Айбалканын төшүнөн
Канжар менен малганы,
Чатын көздөй бет алып
Жара тартып салганы.
Кан чыкпады, суу чыкты,
Жаа алдалап чуу чыкты,
Кара башыл туу чыкты,
Туунун арка жагынан
Түтүн чыкты буркурап,
Ажыдаар жуткан кырк миң кол
Түгөл чыкты чуркурап.
Жарылган соң карыны,
Чыгарып колдун баарыны,
Башын кесип алыптыр,
Башын кессе дагы өлбөйт,
Балакетке калыптыр.
Шыйрагынан байлады
Чындап шору кайнады,
Ташка-сууга урунтуп,
Заманасын куурултуп
Сүйрөп алып жөнөдү.
Илинип калды жыгачка
Ичеги менен карыны.

