Аскерди көрүп алганы,
Аз экен деп колуң деп,
Атышсаң болсун жолуң деп
Качып барган Култаңы
Турбаймын деп муңканды:
Жооп бергин бизге деп,
Жолуктум, болдум сизге деп,
Бу жерде туруп нетейин,
Уруксат бергин, кетейин,
Акунбешим зор улук,
Как ошого жетейин.
Аны айтып Култаң салганы,
Барсаң баргын, жаным деп
Кан Орго сүйлөп калганы:
Акунбешим бара көр,
Айтып кабар сала көр.
Буруттун колу чөптөн көп,
Коркуп чыгат жаным деп,
Эртелеп айрып албасаң
Кыяматта мойнуңда
Кыпкызыл аккан каным деп,
Катчыга катын жаздырды,
Кандык мөөрүн бастырды.
Күлүк тандап мингизди.
Күрмөнтүгө узатып
Култаңды жолго киргизди.
Култаң жөнөп кетиптир,
Эки күндө, бир түндө
Кейман шаага жетиптир.
Акунбешим улугу
Айтканын угуп алыптыр,
Алтымыш миң кол алып,
Азырланып Кеймен шаа
Аттанганы калыптыр,
Аттанам деп турганда
Азып-тозуп алсырап
Астына Култаң барыптыр.
Култаңдын укту сөзүнү,
Куп келдиң деди өзүнү.
Анда Кеймен кеп айтат,
Аңда Култаң деп айтат:
Ашыгып кебин уктум деп,
Өз колумда аскерим
Алтымыш төрт миң экен,
Аны менен чыктым деп.
Эми бизден өтөрсүз,
Булагасын шаарына
Түш болгондо жетерсиз.
Аскерин арбын алды де,
Кер-Көлдөгү Оргого
Кеймен жүрүп калды де.