Мурунтан саны мол эле,
Астыңкы кошко караган
Оң миңден жылкы ол эле,
Арткы кошко караган
Эки-үч миңге толо эле,
Аяк жагы жылкынын
Чарынын кирген ою эле,
Былчакей, Төтө белинде,
Мында жылкы мол эле,
Агыястын башында,
Кайнап жаткан жылкы эле
Каркыранын сазында,
Чети Чечек тоосу эле,
Бери чети жылкынын
Чет-Каркыра коосу эле,
Эңшерип бурут алды деп,
Сансып аткан жылкыдан
Немеси калбай калды деп,
Аз болгондо алты жүз
Жылкычысын алды деп,
Жыпжылма кылып салды деп
Жок издеп жүрүп мен байкуш
Жаным араң калды деп,
Кароолчуга капталып
Жарадар кылып салды деп,
Көк теңири жар болуп
Көрдүм Кулус канды деп
Аягын келип кучактап,
Агып жашы бурчактап,
Түнөгөр келди түн катып,
Түгөндүк деп сөз айтып,
Арадан барган Кулусуң
Анык укту мунусун.
Ашыгып минди атына,
Калаасын көздөй салганы,
Кайра жөнөп калганы.
Кан Оргонун кашынан
Ордо * баккан аскерден
Отуз миңин алганы.
Аралды көздөй бет алып,
Жаң-жуң Кулус шаттанып,
Көк болот кылыч байланып,
Отуз миң кол алганга
Көңүлү тынып жайланып,
Көлдүн башын айланып.
Аны таштап салыңыз,
Алиги Орго каныңыз,
Алда эмне сөзү бар
Кабарын угуп алыңыз.
Ордого жакын боз дөбө,
Ортосу кайкы кош дөбө,
Шо жерге барып туу тикти
Орчун жыйын көй төрө.