МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Коңур-Саз бар, Тоңу бар,
Коён, Шибен чоңу бар,
Алтооң жүрүп айтыңар,
Алты күндөн калбастан
Аскерин алып кайтыңар.
Черүүнү чексиз алыңар,
Сен экөөң бөлөк барыңар,
Ала-Белден ашыңар,
Ар жагы Чуунун башы бар.
Адыр, Тулаң, Кашка-Суу,
Агыны сонун башка суу,
Адырга жакын кара суу.
Дөңгө деген калаа бу,
Кемен аттуу каны бар,
Кечикпей кабар салыңар!
Сепили бийик тамы бар,
Тегеректеп калаасын
Сексен миң үйлүү жаны бар.
Андан өтүп барыңар,
Акунбешим зор пааша
Айтып кабар салыңар,
Кайра тартып калыңар.
Кызыл-Белден ашыңар,
Кыйыныраак шашыңар.
Чарынга жолду салыңар,
Чапчаңыраак барыңар.
Алма-Коюр жердеген,
Адам уулу жеңбеген
Илебинге барыңар,
Ылдам кабар бериңер.
Күн батыш көздөй салыңар,
Күн-түн калбай барыңар.
Кашкел дуу-дуу каны бар,
Аз болгондо аскери
Алтымыш миң саны бар,
Чуу боюнда Чулу бар,
Ага Акунбешимден угулар.
Кашкелден кайра тартыңар,
Кабарды бачым айтыңар!
Чапкынчыны чаптырды,
Чилмарданды кактырды.
Ордого доол согулду,
Орго кандын үстүнө
Ойроттун баары чогулду.
Жаң-жуң Кулус барганы:
Не чакырдың каным деп,
Жайын сурап калганы.
Кан Оргосу кеп айтат:
Камдангын ылдам деп айтат.

