МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Алты дорго чакырды,
Ар тарапка чаптырды:
Эки-Башка бар деди,
Элинде калың мал деди,
Эртелеп кабар сал деди.
Кабар айткын баарына,
Карабасын малына,
Кара жанын каркыттап,
Казан асып, от жаксын
Минген аттын жалына.
Аты Буркан, калдай бар,
Арты кандай билбеймин,
Азап азыр далай бар,
Эки-Баштан эл жыйсын,
Эл жыйса да эр жыйсын!
Эмгекке башын салбасын,
Эркектен эме калбасын!
Ара-Талаа, Чатыр-Көл,
Арбын анда биздин эл,
Айтып кабар берип кел.
Элебей жатып албасын,
Эки күндөн калбасын!
Саяң жайлоо, Үч-Суу бар,
Саятта жаткан ушу бар.
Кулутка деген калдай бар,
Куралган эли далай бар.
Кул, байынан калбасын,
Кубатына карасын,
Куруганын биле албай,
Көзүн ачып жумгунча
Көк теңир уруп салбасын!
Кер-Көлдөн кечип алыңар,
Күңгөй өйдө салыңар.
Соорун деген жалдай бар,
Сонундугу далай бар,
Байлыгына мактанган,
Мал бактырган мүңкүрү
Так тогуз жүз малай бар.
Ары калдай, ары бай.
Ал жатпасын жайма-жай.
Түптөн өтүп келиңер,
Айтылган жердин баарына
Түгөл кабар бериңер!
Жакынында олтурган
Жаң-жуңум Кулус келсин деп,
Жаныма жардам берсин деп,
Тарагайга жайлаган,
Жаратып күлүк байлаган,
Сандатып малын айдаган
Алтаң, Култаң доотайлар,
Азыр келсин ушулар.

