Туу көтөрүп, кол жыйып,
Душман жакын келди деп,
Кыйынын койбой кырды деп,
Кыямат кайым кылды деп,
Куяс, Текес өлдү деп,
Темселеп Култаң келди деп.
Алтайдагы кыргыздар,
Аты Манас бирөө бар,
Оркундун улуу суусунан
Улуу черүү алыптыр,
Токтоктун Кара тоосунан
Толгон аскер алыптыр.
Алтайдан Манас чыкты дейт,
Адам жеңбес мыкты дейт,
Текестин элин алыптыр,
Жер жайнаган кол менен
Бизге жөнөп калыптыр.
Каркыранын Кара-Суу
Ээрдей белден өтөр деп,
Эмеле бизге жетер деп,
Кайрат кылып, калк жыйып
Камданбасак бекер деп,
Орго кан айтты Кулуска,
Кулуска да жан керек
Бекер карап турушка.
Акылы кетип башынан
Алдырап Кулус калганы,
Култаңдан уккан сөздөрүн
Айтып Орго салганы.
Ал аңгыча болбоду,
Ай балта тийген башына,
Кан куюлган кашына,
Ошо кезде келиптир
Отуз эки жашына,
Түнөгөр деген бир калмак,
Карагын кыргыз ойнуна,
Кан куюлуп мойнуна,
Баштан аккан кара кан
Боордой уюп койнуна,
Түндө качып алыптыр,
Орго кандын үстүнө
Ойбой салып барыптыр:
Казак, кыргыз калкы деп,
Бу дүнүйө жүзүнө
Жан койбостой салты деп,
Көрүп келдим көз менен,
Сөзүмдүн жок калпы деп,
Токсон кош эле жылкычы,
Толуп жаткан жылкысы,
Тоого-ойго караган