Каптаса бурут колу деп.
Казылар тасма жолу деп,
Кандай заман болду деп
Тескейге кабар салыптыр,
Алтаң, Калтаң доотайы
Бугулук ашып жол менен,
Отуз миң аскер кол менен,
Мурун келип калганы,
Буйругун кандын алганы:
Колуң арбын экен деп,
Отуз миңге аскериң
Кандайлыктан жетти деп,
Эл алдында келипсиз
Кабыл алып өзүмдөн,
Кабар уккан сөзүмдөн,
Жакшы келдиң кандарым
Кара учканда көзүмдөн.
Анда Калтаң кеп айтат.
Камыкпа каным деп айтат.
Кулак кайчы буруттур,
Көбөйүп кетти дейсизби,
Көк теңир аны уруптур.
Сырт жолуна салгандыр,
Жыйылган болуп алгандыр
Айтыптырсыз ашыгып,
Чабарчың барды жан чыгып,
Кырмак болду бизди деп
Кыргыз Манас кан чыгып.
Аның үчүн ашыгып
Азыр келип калдым деп
Калтаң балбан, эр Алтаң
Канына сүйлөп жайма-жай
Отурганда ал экөө,
Жыйырма миң аскер кол менен,
Жылдырып тескей жол менен
Буркан каны барыптыр.
Отуз миң аскер алыптыр,
Тескей басып жол менен,
Термелген калың кол менен
Баатыр Култка барганы,
Барып түшүп калганы.
Соорундан аскер да келди
Кырк миң аскер кылкылдап,
Түп кыдырып дүңгүрөп,
Добул согуп күңгүрөп.
Урматташып болуптур,
Баарын жыйып караса,
Үч жүз миңге толуптур.