МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Каканчынын калкы элек,
Калкыңыз биз көздө деп,
Камсыккан болсок эсте деп
Белге таңуу кылчу элек,
Беттешкендин баарысын
Бээжинден аскер келет деп
Бет алдырбай кырчу элек.
Ойрон болуп калбайлык,
Ойроттун баарын бүт жыйып,
Акунбешим күтүн деп
Айта көргүн сен да кеп!
Аны айтып Кеймен шаа
Катчыга катты жаздырды,
Кандык мөөрүн бастырды.
Ат которуп мингизди,
Айтып-айтып жөн жайын
Култаңды жолго киргизди.
Аны таштап салыңар,
Арстан Манас, Орго кан,
Алда эмне сөзү бар
Кабарын угуп алыңар.
Желбиреп желек туу болуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Бир жагында Кумдуу-Суу,
Бир жагында Кара-Суу,
Эки жагы суу болуп,
Желеги туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй,
Тозоңу тоодой созулуп,
Туу, байрагы кошулуп,
Кылкандай найза кылкылдап,
Таскылдын ара талаасы
Аскерге толуп былкылдап
Төрө Манас, эр Бакай
Төрт жүз миң аскер кол менен,
Куюлуп алып жөнөдү
Кулусун жакка жол менен.
Аскерине карасаң
Аяк-башы ат чабым,
Турна канат сап тартып,
Төш таянып лыкылдап,
Төрөнүн колу былкылдап,
Кыйкыйлаган улуу чуу,
Төгүн-чынын ким билет,
Төрөңдүн иши мына бу.
Алар бүгүн конгондо,
Кароолду катуу койгондо,
Орго кандын көк дөбө
Ошо жерге туу тиккен
Орчун жыйын көй төрө.

