Орго согуп добулду,
Аралга баштап көп колду,
Орго жонго барыптыр.
Эки жакка эки кол,
Аскерди көрсөң кумдан мол,
Качырышпай токтошту,
Мергендер мылтык октошту,
Милтелерин чоктошту,
Минтип аскер токтошту.
Кулус жаң-жуң кайдасың?
Алтаң, Калтаң доотайлар
Табыңар мунун айласын.
Култка, Буркан кандарым,
Журт бийлеген сардарым
Аргасын кандай кылабыз?
Арсы менен Кубаным,
Алсырап азыр турамын,
Акыл качып башымдан
Силерден кайрат сурадым.
Муну айтып Орго калганы,
Алтаң жаң-жуң колунда
Азыр мунун бар экен
Атан аттуу балбаны:
Бир күнкүсү бир кара
Тамагына жайлаган,
Курушканда жеке өзүн
Жетимиш балбан байлаган,
Эки көзү желкеде
Шор кудуктай кайнаган.
Эриккенде бу капыр
Эки жүз балбан ойногон,
Элдиретип кай бирөөн
Эс акылын койбогон,*
Этинин баары жанчылып.
Оюну менен курусун деп,
Дөөкүрсүгөн балбандар
Төрт, беш күнү сойлогон.
Атанды салып майданга
Акыры бир көрөлүк,
Ажал жетсе ар кандай,
Айныбайлык уруштан,
Атышып жатып өлөлүк.
Кайрат кылды кандары,
Капа болуп Орго кан,
Куп деп, айтып салганы.
Чоң казандай башы бар,
Комдонуп жаткан кара иттей
Эки кара кашы бар,
Үч кулачтай бою бар,
Ушу жалган дүйнөдө
«Менмин» — деген ою бар.