Жаман көрбөйт пулдууну,
Жакшы кыз көрсөтөбүз деп
Ак таяк* менен корбашы*
Жуда келип калганы,
Алиги эки жамбысын
Эптеп бөлүп алганы,
Баштап алып Жакыпты
Бакчасына барганы.
Башкаларын таштаптыр,
Бай Жакыпты баштаптыр.
Аккан суунун четинде,
Калың куурай бетинде
Бай Жакып көзүн салыптыр.
Аягы барып ал суунун
Абуз болгон көл экен,
Айланасы тең жемиш,
Чытырман калың чер экен,
Кыласына абуздун
Кыз ойноочу жер экен.
Этектери элбиреп,
(Далдадагы бай Жакып
Карап жатыр элдиреп),
Жеңдери кетип желбиреп,
Ашуланы* айтышып,
Ары-бери тартышып,
Ар түрлүү оюн ойношуп,
Аккан сууну бойлошуп,
Жакыпка жакын барышып,
Жайнап турган жемишке
Жабылып кирип калышып.
Жаткан жаңгак сууда бар,
Алма, бадам жуда бар,
Алча, жүзүм бу да бар.
Жабылды жемиш теришип,
Сонун экен бу дешип
Созуп колун беришип,
Жакыпка жакын келишип.
Жакып менен иши жок,
Жакыпты көргөн киши жок.
Бакчаны кыздар аралап,
Бай Жакып көрдү дааналап,
Жатып алып куурайга,
Чок камышка бааналап.
Бай Жакып көзүн салыптыр,
Арууке менен Каныкей
Кокок деген жемишке
Кол узатып калыптыр.