Манас баатырдын төртүнчү окуясы. Атемирдин кызы Каныкейди алганы. Өз аты — Санирабийга. Кандын никесинде болгондуктан, Кан Никайи — Каныкей деп айтылып кеткен имиш. Атемир үч бир тууган болуп, эң ак сакалы Атемир, экинчиси Абылкасым, кенжеси Шаатемир.

Атемир кандын өңү кара киши экен.
Кара кылды как жарган адыл болгон экен.
Өңү кара болгондуктан Атемир канды
Кара кан деп аташкан имиш*7
Каралды балаң мен болдум,
Караган атам сен болдуң,
Кабарың жок эч иштен
Кан Жакып ата не болдуң?!
Катын алып бермегиң
Карыздар ата, мойнуңа,
Кайып даңдын Карабөрк
Катын жатат койнумда.
Кастык кылып жол тосуп,
Ымалайдын тоосунда,
Каңгурдун кара коосунда,
Үч жүз нөкөр кашында,
Кайып даңдын Карабөрк
Колума түштү башында.
Алигече жүрөмүн
Кыябыма толбостон,
Кыз алгандай болбостон.