МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Узаткан колу жетпеди,
Ушулар узап кетпеди.
Кыздарынын баарысы
Чылк жибекке чырмалып,
Жыгылчуудай ыргалып,
Алтынданган жыгасы
Оң чекеде кырданып.
Санирабийга кыз экен,
Сап сулуунун өзү экен,
Жыла сүйлөп шыңк этип,
Акыл толгон кези экен.
Он алты жарым жашы бар,
Олоңдой кара чачы бар,
Сары алтындан түймөдөй
Келишкен кара кашы бар.
Боростой кийим кийинип,
Ботодой бели ийилип,
Чийдей кашы чийилип,
Жазык маңдай, кара көз,
Жатык тилдүү, ширин сөз,
Аркасы кайкы, аркар төш,
Ай чырайлуу, бото көз,
Кызыл жүзү нурданган,
Кыпча бели буралган.
Кококтон бирин түшүрүп
Колго алып кыздар бөлгөнү,
Ары-бери басканда
Аныктап Жакып көргөнү.
Кыздар кийген кырмызы,
Кырк бир кыздын ичинен
Артык турат жылдызы.
Айтсам балам алар деп,
Арылбаган шорум кеп,
Арты болбой калар деп,
Тууса бирди тубар деп,
Тумшугу жок жаныма
Тукумдан кудай урар деп.
Желке жагы тар экен,
Жетигип жашы толгончо
Туубастык жайы бар экен,
Тууган менен тукуму
Турбастык жайы бар экен.
Аман болсо алганы
Жаман деп киши айтпаган,
Сыйлуу болор киши экен,
Алганынан айрылса
Кирпиги узун тунук көз,
Ыйлуу болор киши экен.

