Бир бүлөнү он бөлүп,
Оюн терең жиберип,
Оң жагынан имерип,
Кирпиктей кирди койбостон
Боюн сылап тараган,
Аяк-башын имерип
Жыртык койбой караган,
Болжолу жок боорукер,
Эзилтип адам көңүлүн
Эт боорунан жараган
Үзүлгөнүн улаган,
Көзү чалган бенденин
Үзүрү болсо сураган,
Жетишпедим дегенге
Жеңин кесип бергендей
Берендик жайы бар экен,
Жеткире акыл ойлогон
Тереңдик жайы бар экен.
Короз моюн, колоң чач,
Босого маңдай, боору таш,
Бекемдик жайы бар экен,
Болжогондой сөзү бар,
Болор кепти бир айткан
Чечендик жайы бар экен.
Ылайыктап адамга,
Ыгын салбай нааданга,
Ыраазы кыла сөз айткан
Ыгын билип ар жанга,
Бечарага карашкан
Бекемдик жайы бар экен,
Азамат бакса айнытпас
Жетерлик жайы бар экен.
Кылган иши баары амал,
Кызылдай бою сарамжал,
Жок дегендер табылган
Кастарлуу жайы бар экен.
Кыз мүнөзү кылтайбай,
Тастарлуу жайы бар экен.
Арбын болсо дүнүйөсү
Адамдан төмөн мүнөзү,
Кон болсо көтөрүлбөгөн,
Жаманды-жакшы билбеген,
Жаманды күткөн жакшыдай
Жиндини күткөн бакшыдай,
Бакшыны күтөр кожодой,
Кожону күткөн башында
Падышасы болгондой,
Жигитти күткөн эриндей,
Эрге кылар кылыгы
Эми эле түшкөн келиндей.