Анда желдет* кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
Аркалыкка кыз берер
Акмак барбы деп айтат.
Чал тоюпсуң жаныңдан,
Атемир кан муну укса
Кашык тамбас каныңдан.
Бенде көрбөс кыздардын
Бетин кайдан көрдүңүз?
Кыйкырып катуу сүйлөсөм
Кыз берет деп көөнүңүз.
Сүйлөгөнүң түркү тил,
Өз уругуң ким болот,
Өз ажалың өзүң бил.
Бек кашында мыршабы*,
Мээнет муну курчады,
Бекем сүйлөп турганы.
Анда Жакып кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
Кара кыргыз уругум,
Азыркымды сурасаң
Азиреттин Кара-Тоо,
Жайланган жайым так ошо.
Кек алганмын далайдан,
Келген жерим Алтайдан,
Кекеп-кекеп сүйлөйсүң,
Жеп ийчүдөй сен айбан.
Аябадым жанымды,
Албарстыдай чачайын
Алдыңарга канымды.
Атам Ногой, Жакыпмын,
Абуздун жогор жагында,
Арасында куурайдын
Намаз окуп жатыпмын,
Анда көрдүм кызыңды,
Жуучу келдим дегенге
Өпкөң мынча кысылды,
Өңүң мынча бузулду,
Кыялыңар мурунтан
Кызга жуучу келгенди
Кырып жүргөн шекилдүү.
Өзүңдү өзүң күүлөйсүң,
Өлтүрөм деп сүйлөйсүң,
Өлсө жалгыз чал өлөр,
Өңкөй Кыйбаң не көрөр?!
Кетсе жалгыз чал кетер,
Тажикке өлүм тез жетер.
Кежилдешип сүйлөшүп
Олтурба менин жаныма,
Орунумду тапмакка
Айткын эрте каныңа.